Кубакы ашуусунда автоунаа ала салып 3 адам жапа чекти – сүрөт

Кубакы ашуусунда автоунаа ала салып 3 адам жапа чекти – сүрөт

Кочкор районунда жол кырсыгынан 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 10-ноябрь күнү саат 12:40тар чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымында (Кубакы ашуусу) болгон.  Анда “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгине чыгып оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 3 адам жеңил жаракаттарды алган.

Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары жабыркаган адамдарды автоунаадан чыгарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

[su_image_carousel source=»media: 47720,47721,47722,47723″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>