Кубанычбек Жумалиев өлкө казынасына кол салбаганын куран кармап айтып берди — видео

Кубанычбек Жумалиев өлкө казынасына кол салбаганын куран кармап айтып берди — видео

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев экс-прокурор Сыймык Жапыкеевдин айткандарына жооп берип,  өлкө казынасына бир дагы жолу кол салбаганын куран кармап айтып берди.

Депутаттын жарандык активист Мелис Аспеков менен болгон талкуусу Ютубдагы “САНАТ” телеканалы аркылуу эфирге чыкты.

“Мен 1992-жылдан 2005-жылга чейин бир дагы жолу коррупциялык ишке катышкан эмесмин. Туугандарым менден жардам сурап келгенде интеллектуалдык деңгээлим менен идеямды айтчумун. Алар өз эмгеги менен иштеп тапкан акчасына жашап жатышат. Мен куран кармап айтам, бир дагы жолу буюджеттин акчасын жеген эмесмин, 2,5 млд доллар акчам жок. Коррупцияга аралашкан эмесмин”, — деген ал.

Буга чейин экс-прокурор Сыймык Жапыкеев “Фейсук” баракчасынан түз эфирге чыгып, Роза Аманованын күйөөсү Кубанычбек Жумалиевдин 2 жарым миллиар доллар байлыгы бар. Ал бүт байлыгын мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп уурдап тапкан деп айтып чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>