Кудрет Тайчабаров: өлкө башчысы да уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү

07.11.2025 | 15:03

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңешке депутаттыкка мурдагы талапкер Кудрет Тайчабаров өлкө президенти Садыр Жапаров да уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин айткан видео тарады.

Буга чейин тармакта Тайчабаровдун ОПГ лидери Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү чыккан. Ушул сүрөттөн улам БШК анын шайлоого катышуу боюнча каттоосун жокко чыгарган.

«Биздин президент да ОПГнын мүчөсү. Мен билем, октябрь окуялары учурунда ОПГ мүчөлөрү азыркы бийликти колдоп митингге чыгышкан. Анда президент да ОПГнын мүчөсү болот. Ал маегинде Көлбаевди өзүнө чакырып сүйлөшкөнүн жана ага саясатка аралашпоону суранганын айткан. Эгер ал анын менен сүйлөшүү өткөргөн болсо, анда өзү ким болот — ОПГнын мүчөсүбү?», — деп нааразы болгон Тайчабаров.

Видеодон көрүнүп тургандай, мурдагы талапкер бул билдирүүсүн мамлекет башчысына карата социалдык тармактардын бириндеги түз эфирде айткан.

Scroll to Top