Кумтөр алтын кенинде экскаватор айдаган жумушчу Петров көлүнө жакын жердеги көлмөгө түшүп кетип каза болду.
Бул тууралуу Reporter.kg`ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.
«Кырсык кечээ болгон болгон. Бүгүн куткаруучулар экскаваторду көлмөдөн чыгарышканда, жумушчунун сөөгү экскаватордун ичинен табылыптыр», — деди Шерипова.
Буга чейин жергиликтүү басылмалар Кумтөр кенинде экскаватор айдоочусу менен кошо алтын кенге жакын жердеги Петров көлүнө чөгүп кеткенин жазышкан.