Кумтөр боюнча камалгандардын абактагы мөөнөтү узартылды

Кумтөр боюнча камалгандардын абактагы мөөнөтү узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 25-ноябрда Кумтөрдөгү жемкорлукка байланыштуу камалган саясатчылар Асылбек Жээнбеков, Тайырбек Сарпашев, Данияр Нарымбаев жана Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын карады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, сот алардын тергөө абагындагы мөөнөтүн 30-январга чейин узарткан чечим чыгарды.

Ушул эле күнү аты аталган саясатчылардын тарапташтары соттун алдына митингге чыгып, аларды бошотууну талап кылышты.

«Кумтөр иши» боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган 15 чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Жакында ушул боюнча кармалган мурдагы премьер-министрлер Темир Сариев менен Жоомарт Оторбаевдин бөгөт чарасы сот тарабынан өзгөртүлүп, үй камагына чыгышкан.

УКМКнын Кумтөр боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген.

Айыпталып жаткандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпты четке кагып келатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>