«Кумтөрдүн» мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалды

«Кумтөрдүн» мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалды

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 14-январда чек арадан өтүп жатканда «Манас» аэропортунда кармалып, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына жеткирилген. Буга чейин ал издөөдө жүргөн.

Соттун чечими менен ал Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, аталган коомдун мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго Кылмыш кодексинин 246-беренеси («Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу») менен айып тагылып, камакка алуу бөгөт чара тандалган. Айыпталуучу Канат Курмановго издөө жарыяланган.

“Кумтөр Голд Компанинин” мурдагы аткаруучу директоруна издөө жарыяланды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>