Кыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктери
Кумтөрдүн кирешеси 124 млрд сомдон ашты
29.12.2025 | 14:37

2025-жылга карата «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн 124 млрд 216 млн сомдон ашык киреше түштү. Ал эми таза кирешеси 59 млрд 286 млн сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Ишкана ушул жылдын 12 айында Кыргызстандын бюджетине салык жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 21,5 млрд сомдон ашык каражат төлөнөрүн билдирди. Ошондой эле дивиденд түрүндө 13 млрд 48 млн сом которулган.
Мындан тышкары 2025-жылдын аягына чейин алтын өндүрүүнүн көлөмү 12 тоннадан ашары айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика