Сыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирдиДастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталды
Сокулук жана Аламүдүн райондорунда Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө
26.03.2026 | 12:56

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй дарыясынын жээгиндеги кооптуу тилкелерди бекемдөөдө. Иштер Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй жана Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл аймактарындагы дарыянын агып өткөн жерлеринде жүрүүдө. Иш-чаранын максаты жээктин эрозиясын токтотуу болуп саналат.
Министр Канатбек Чыныбаев жана Чүй облусунун губернатору аталган аймактардагы дарыянын Кыргызстан тарабындагы жээктеринин абалын көрүп чыгышты. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү тармактарга жээктерди бекемдөө иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.
Бул чаралар айдоо талааларын коргоого жана калк жашаган аймактарга зыян келтирүүнү алдын алууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом