Акысыз концерттер жана кино көрсөтүүлөр: Бишкекте «Франкофония жазы — 2026» фестивалы башталатМаксым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алдыЧүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилдиУКМК күч түзүмдөрүндөгү кадрдык чечимдерге «көшөгө артындагы таасирлер» тууралуу маалыматтарды төгүндөдүКыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосун күчөтүү сунушталууда
Кумтөрдүн «MEGASHOP» цехи: 14 оор техниканы бир убакта оңдойт
10.10.2025 | 17:51

Кумтөр кениндеги оор техникаларды оңдоочу «MEGASHOP» цехи стратегиялык мааниге ээ. Цех 4500 чарчы метр аянтты ээлеп, бир эле учурда 14 оор техниканы оңдоого мүмкүнчүлүк берет.
Төрт нөөмөттө иштеген цехте ар нөөмөттө 300 кызматкер эмгектенет. Ишканада техника үзгүлтүксүз текшерилип, оңдолуп турат, анткени жабдуулардын токтоп калышы алтын өндүрүшүнүн үзгүлтүккө учурашына алып келиши мүмкүн.
Жакында Hitachi компаниясынын вице-президенти Эйдзи Фукуниши кенге барып, мындай масштабдагы оңдоочу жайды Борбор Азияда биринчи жолу көрүп жатканын белгиледи.