Бишкекте окуучу кыз өзүнүн мектебине бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү таратканНовосибирск – Бишкек рейсинин жүргүнчүлөрү жардыргыч кабарынан улам чыгарылдыЧүй облусунда үшүк жүрүшү күтүлүүдө: милиция айдоочуларга эскертүү бердиКыргызстан менен Тажикстандын Улуттук банктары төлөм системаларын талкуулаштыBITEVOLUTION: Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектелген жаран кармалдыКыргыз жаштарынын шайлоо сабаттуулугу боюнча долбоору Германияда кызыгуу жаратты
Ала-Арчада Кыргызстандагы алгачкы родельбан курула баштады
10.10.2025 | 18:42

Бүгүн Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында родельбанга капсула салуу аземи болуп өттү.
Президенттин иш башкармалыгы кабарлагандай, Кыргызстандагы алгачкы родельбан 1200 метрден ашык узундукта курулуп, саатына 500гө чейин конокту кабыл ала алат. Жалпы 36 заманбап чана орнотулат.
Каныбек Туманбаев белгилегендей, бул — өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Курулушту 2026-жылдын март айында аяктоо пландалууда.