“Күн балыктары” жаңыртылды: Бишкекте белгилүү фонтан калыбына келтирилди
Бишкекте белгилүү “Күн балыктары” фонтанынын жаңыланып, расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Фонтанды капиталдык оңдоо иштери Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып, иштер демонтаждоо жана калыбына келтирүүнүн толук комплексин камтыды. Эски инженердик коммуникациялар жана бетон каптамалар алынып, жарыктандыруу жаңыртылды.
Жарым кылым мурун ачылган фонтандын нукура көрүнүшү сакталып, мрамор, гранит жана смальта төшөө ыкмалары колдонулду. Скульптуранын жана пайдубалдын жетишпеген бөлүктөрү кол менен жасалды.
Бассейндин жаракалары оңдолуп, көп катмарлуу лак менен капталды; насостук жана электр жабдуулары толугу менен алмаштырылды; жаңы диспетчердик пункт жана байланыш каналдары орнотулду.
Жаңы брусчатка төшөлүп, отургучтар жана таштанды челектери коюлду, ал эми жарыктандыруу күн энергиясы менен иштейт.


