Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын башкармалыгынын жаңы курамын бекитти
25.10.2025 | 12:56

Кыргызстандын Улуттук банкында кадрдык өзгөрүүлөр болду: кызматынан бошотулган Улан Жамалиддиновдун ордуна директорлор кеңешинин мүчөсү болуп Санжар Абдыгазиев дайындалды.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Улан Жамалиддинов ээлеген кызматынан өз каалоосу менен бошотулду.
Документ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика