Курсан Асановдун соту башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Курсан Асанов жана Т.Б.Бейшенбеков, Д.Пайзилда уулунун жазык иши каралган.
Бирок күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу соттук отурум 29-декабрь күнү саат 15:00гө жылдырылган.