Алыскы Зардалы айылына кичи футбол аянтчасы курулуудаБаткен жана Фергана облустары соода-экономикалык, илимий-техникалык тармактарда кызматташатБишкекте эркек киши балдарга ийне салынган момпосуйларды тараткан деп шектелип кармалды1-апрелге карата аба ырайыБишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырдыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калды
Курулуш министрлиги «Аалам Стройду» лицензиясынан ажыратышы мүмкүн
19.01.2026 | 10:24
Бишкектин Анкара көчөсүндөгү турак жай комплексин текшерүүнүн жыйынтыгы менен курулуш министри Нурдан Орунтаев компанияга 3 млн сом айып салды. Бирок жаза муну менен чектелип калбайт, курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулушу мүмкүн.
Текшерүү 10дон ашык блокто көптөгөн эреже бузууларды аныктады. Алардын арасында:
- блокторду үлүшчүлөргө мыйзамсыз өткөрүп берүү;
- мамлекеттик лабораториялардын ордуна жеке лабораторияларды колдонуу;
- өрт өчүрүүчү гидранттарда суунун жоктугу, бул жашоочулардын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирет.
Натыйжада курулуш иштери толугу менен токтотулду. Атайын комиссия «Аалам Стройдун» лицензиясын убактылуу токтотуу маселесин карайт, ошондой эле курулуштун сапатына кошумча текшерүү жүргүзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом