Күйөөсүнөн кордук көргөн Асел Ногойбаеванын кулагына операция жасалды
Мурдагы күйөөсүнүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулугуна кабылып, коомчулуктун көңүлүн бурган Асель Ногойбаева кулагына ийгиликтүү операция жасатканын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчаларында жазып, сезимдерин бөлүштү.
“Бүгүн сүйүнүп ыйлап жатам. Учаар алдында (операция үчүн) дарыгер мага сөйкө алып келүүнү суранды. Бирок мен алган жокмун. Кулагымды чач менен жаап, жашырам деп ойлодум. Бирок кулагым мен күткөндөн да жакшы жасалды”, — деп жазды Ногойбаева.
Эскерте кетсек, Аселдин окуясы 2023-жылы коомчулукта чоң резонанс жараткан. Ал күйөөсү тарабынан оор зомбулукка кабылганын айтып, денесине келтирилген жаракаттардын сүрөттөрү жана видеолору интернетте кеңири тараган. Жарандык активисттер, укук коргоочулар жана жөнөкөй колдонуучулар Аселге колдоо көрсөтүп, зомбулукка каршы күрөштү күчөтүү чакырыктары жасалган.