Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Кыдыкбек Кыдыров Салык кызматынын төрагасынын милдеттерин убактылуу аткарат
07.12.2024 | 14:17
Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын башчысы Кыдыров Кыдыкбек Догдурбековичке Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эске салсак, мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалган.
УКМКнын маалыматы боюнча, тергөө иштеринин алкагында алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталган.
Буга байланыштуу Алтынбек Абдувапов ээлеген кызмат ордунан тергөө мезгилине убактылуу четтетилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар