Батир боюнча келишимдерди эми Tunduk аркылуу каттоого болот

27.04.2025 | 10:05

Кыргызстандын жарандары эми батирди сатып алуу-сатуу келишимин толугу менен онлайн форматта — жаңыртылган Tunduk мобилдик колдонмосу аркылуу расмий тариздей алышат.  Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, эч кандай кезек күтүүсүз, кагаз документтерсиз жана мамлекеттик органдарга барбастан — баары тез, ыңгайлуу жана коопсуз.

Керектүү документтер:

– Жаңыртылган Tunduk колдонмосу

– Жарактуу булуттагы электрондук кол тамга

– Никеде болсоңуз — жубайыңыздын макулдугу

– Кыймылсыз мүлк боюнча төлөнгөн салыктар

– Электрондук почтага кирүү мүмкүнчүлүгү

Кандай тартипте жүргүзүлөт:

Сатуучу үчүн:

– Tunduk колдонмосун ачып, “Кыймылсыз мүлктү кайра каттоо” кызматын тандайт

– Сатып алуучунун маалыматтарын киргизип, камсыздандыруу полисин жүктөйт

– Face ID текшерүүсүнөн өтүп, келишимге электрондук кол коюп берет

– Өтүнмөнү сатып алуучуга жөнөтөт

Сатып алуучу үчүн:

– Билдирүү алып, келишимди колдонмо аркылуу ырастайт

– Документтерге Face ID аркылуу кол коёт

– Мамлекеттик алымды төлөйт — 1750 сом

– Бүтүмдү аяктоо үчүн көрсөтүлгөн агенттик филиалына барат

Эгерде никеде болсоңуз: жубайыңыз дагы колдонмо аркылуу Face ID жана электрондук кол тамганын ПИН-коду менен макулдугун ырасташы керек.

Өтүнмөнү кароо мөөнөтү: 5 сааттан 3 иш күнүнө чейин. Келишим толук бүткөндөн кийин тараптар келишимдин көчүрмөсүн, техникалык паспортту жана менчик укугун өткөрүп берүү боюнча расмий ырастоону алышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top