Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги Европа Комиссиясынын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы директорлугунда (DG MOVE) өткөн эки күндүк сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жыйынтыктады. Евробиримдиктин эксперттери Кыргызстандын жарандык авиациясында жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалап, өлкөнүн авиациясы Европа Биримдигинин «кара тизмесинен» чыгууга даяр экенин ырастады.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз делегациясы учуулардын коопсуздугун жогорулатуу, буга чейин аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана авиация тармагын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча аткарылган иштер тууралуу техникалык отчетторду жана далилдүү документтерди тапшырды.
«Биздин реформалар кылдат талдоолорго жана алдыңкы эл аралык тажрыйбага негизделген. Бүгүн ишенимдүү айта алабыз – Кыргызстандын авиациясы дүйнөлүк стандарттарга жооп берет жана Европага учуудагы формалдуу тоскоолдуктар жоюлат», – деди Жарандык авиация агенттигинин башчысы Данияр Бостонов.
Маалыматка караганда, бул реформалардын алкагында авиаинспекторлорду окутуу жана аттестациялоо тутуму жаңыртылып, аба каттамдарына көзөмөлдөөнүн жаңы тартиби киргизилди. Мындан сырткары, техникалык жабдуулар жаңыланып, авиаташуучуларды жана аба кемелерин сертификациялоо боюнча европалык ченемдерге ылайык мыйзамдар өзгөртүлгөн.
Евробиримдик тарап конструктивдүү диалогду баса белгилеп, кызматташтык мындан ары да улантыларын билдирди. Кыргызстандын авиация тармагына карата чектөөлөрдү алып салуу боюнча акыркы чечим Еврокомиссиянын тийиштүү комитетинин май айындагы жыйынында кабыл алынары күтүлүүдө.