АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Сейсмологдор Кыргызстанда жер титирөө болушу мүмкүн экенин эскертти
12.05.2025 | 17:45
Нарын облусунда өткөн суткада эки жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан маалымат таратты.
Адистердин айтымында, жер титирөө Нарын шаарына жакын жерде катталган. Жер титирөөнүн күчү 4,5 баллды түзүп, эпицентрдик зонанын эл жашаган аймактарында МСК-64 шкаласы боюнча 3 баллга чейин силкинген.
Сейсмология институтунун айтымында, “Катталган жер титирөө аймакта топтолгон тектоникалык чыңалуудан кабар берет. Биз мониторинг жүргүзүүнү улантып, мүмкүн болгон жер титирөөлөрдү күтөбүз. Мындай сейсмикалык окуялар сейсмикалык активдүүлүк күчөгөн зонада жайгашкан Кыргызстан үчүн сейрек эмес”.
Рубрики: Жаңылыктар