Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев 90 жашында дүйнө салды

Бүгүн, 14-августта Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Өскөн Даникеев 1934-жылдын 21-декабрында Сокулук районунда туулган. 1956-жылы Москва тоо-кен институтун аяктап, көмүр өнөр жай тармагында инженер иштеген. 1962-жылдан тартып Фрунзе политехникалык институтунда окутуучу болуп эмгектенип, кыргыз тилинде сызыктык геометрия боюнча алгачкы окуу китебин жана инженердик-графикалык терминдердин сөздүгүн түзгөн.
1970-жылдардын ортосунда Москвадагы М. Горький атындагы Жогорку адабият курстарын бүтүргөн соң, чыгармачылык ишмердүүлүгүн баштаган. Ал «Ала-Тоо» журналынын проза бөлүмүнүн башчысы, адабий кеңешчи, ошондой эле Кыргыз ССР Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы кызматтарын аркалаган.
Жазуучу «Кыздын сыры», «Сыйкырдуу таш», «Өмүр белестери», «Көкөй кести» сыяктуу чыгармалары менен элге таанылган. «Көкөй кести» романы үчүн ага Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
Өмүр бою маданиятты жана адабиятты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Өскөн Даникеев «Ардак Белги» ордени, «В. И. Лениндин туулгандыгынын 100 жылдыгына арналган каарман эмгеги үчүн» медалы, Манас ордени (III даража), «Эл агартуунун отличниги» наамы, Бишкек шаарынын ардактуу жараны наамы, ошондой эле Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Эл жазуучусу менен коштошуу зыйнаты 15-августта саат 11:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Жазуучу Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилет.