Чыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталды
Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган унааларга электрондук кезек киргизилет
25.08.2025 | 13:15

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттерде оор жүк ташыган автоунаалар үчүн электрондук кезек системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, система ишке ашса айдоочулар чек арада күндөп кезек күтпөй, алдын ала электрондук кезекке туруп, кезеги келгенде посттон өтө алышат.
Бирок жаңы система качан иштей баштайары азырынча тактала элек.
Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жалпы беш көзөмөл-өткөрмө бекети бар. Чүй облусунда — “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Ак-Жол”, Талас облусунда — “Чоң-Капка”.
Рубрики: Жаңылыктар