Кыргыз-кытай чек арасындагы эки көзөмөл өткөрмө бекеттин иш графиги өзгөрдү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, декабрь айынан тарта «Торугарт-унаа жолу» жана «Эркечтам-унаа жолу» көзөмөл өткөрмө бекеттери күн сайын, анын ичинде ишемби жана жекшемби күңдөрү иштейт.
«Ошол эле учурда «Торугарт- унаа жолу» жана «Эркечтам-унаа жолу» көзөмөл өткөрмө бекеттери атайын жадыбал менен иштеп, ага ылайык транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн гана Кытайдан Кыргызстанга өтүүсү каралган», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз