Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Кыргыз-Россия экономикалык форумунда 270 млн долларлык 30 документке кол коюлду
14.08.2025 | 13:38

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда 270 млн долларлык 30 документке кол коюлду.
РКӨФтүн башчысы Артем Новиковдун маалыматы боюнча, макулдашуулардын арасында «Кыргызстан аэропорттору» ААК үчүн учактарды жеткирүү жана «Кыргыз темир жолу» базасында өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүү боюнча келишимдер бар.
Ошондой эле Россиядан металл жеткирүү жана РКӨФтүн жаңы долбоорлорун каржылоо боюнча макулдашуулар жетишилген.
Форумга катышуучу өлкөлөрдүн географиясы, долбоорлордун саны жана кол коюлган келишимдердин көлөмү өсөрү күтүлүүдө. Афганстан делегациясы менен кыргыз продукцияларын аймакка жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү да талкууланууда.
Рубрики: Жаңылыктар