Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча аудио текшерилди

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча аудио текшерилди

16-декабрда «Баткен облусунун Самаркандек айылында белгисиз адамдар өтүп бара жаткан унааларды таш бараңга алышкан» деген аудио текшерилди. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  Лейлек жол тилкесинде унааларга таш ыргытты, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду, чек арага жакын аймактардын калкы менен иш алып баруу болгон деген аудиодогу маалымат тастыкталган жок. Мындан тышкары аталган жол тилкесинде жүргөн кыргыз жарандарынан кайрылуулар түшкөн эмес.

Бүгүн, 17-декабрга карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.  Кызмат жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды курчутпоого жана тиешелүү органдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>