Кыргыз тилин билбесе, сот боло албайт. ЖК соттор тууралуу мыйзамды колдоду

Кыргыз тилин билбесе, сот боло албайт. ЖК соттор тууралуу мыйзамды колдоду

Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Демилгечилердин бири депутат Шаирбек Ташиевдин айтымында, бул мыйзам долбоорунда сот болууга талапкер адам мамлекеттик тилди (кыргыз тилин) милдеттүү түрдө билиш керек деген норма сунушталууда. Себеби ротация менен чоң шаардан аймактарга барган соттордун айрымдары кыргыз тилин билбегендиктен, отурумда доогер же айыпкерден расмий тилде (орус тили) сүйлөөнү талап кылган учурлар болууда.

«Биздин өлкөдө сот отурумду расмий тилде өткөрүп жатканда, доогер же жоопкер расмий тилди билбей калган учурлар бар. Андай учурда сот расмий тилде жооп берүүнү же котормочу алууну талап кылган. Кыргыз элинин басымдуу бөлүгү айылдарда жашагандыктан, мамлекеттик тил негизги тил болуп саналат. Жаран соттук отурумда мамлекеттик тилде ээн-эркин сүйлөөгө укуктуу. Ал эми анын ишин карап жаткан сот (мамлекеттик тилди — ред.) толук түшүнүшү керек жана ошол тилде чечимди жазып, түшүндүрүп бериши кажет», — деди ал.

Бирок аталган талап сот болууга талапкерлерге тиешелүү. Учурда иштеп жаткан судьяларга тиешеси жок.

Ошондой эле судья болууга талапкер соттолгон болбошу керек, жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси болбошу шарт, аны менен бирге жакын туугандары оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон болбошу кажет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>