Кыргыз жана кытайлык ишканалар ортосунда кызматташуу боюнча 10 келишим түзүлдү

Үрүмчүдө өткөн «Кашкар – Борбордук жана Түштүк Азия» 15-товар жарманкесинде кыргыз жана кытайлык ишканалар ортосунда кызматташуу боюнча 10 келишим түзүлдү. Бул тууралуу кытайлык “Синьхуа” маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, келишимдер логистика, энергетика, айыл чарба жана кызматташуунун башка артыкчылыктуу тармактарын камтыйт.
Кашкар аймагынын Өндүрүүчүлөр жана соодагерлер ассоциациясынын партиялык жетекчиси Го Юнчан Кыргызстан «Бир алкак, бир жол» демилгесин ишке ашырууда маанилүү өнөктөш болуп саналарын билдирген.
Анын айтымында, 2025-жылдын биринчи жарымында Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жогорку темп менен өскөн. Ал эми Кыргызстан менен Кашкардын ортосундагы сооданын көлөмү 16,28 млрд юанды (болжол менен 2,26 млрд доллар) түзгөн.