Кыргыз-жапон кызматташтыгы: Эдил Байсалов жапониялык ишкерлер менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз-жапон кызматташтык ассоциациясынын төрагасы Синдзи Тарутоко баштаган Жапониянын бизнес-лидерлеринин делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар билим берүү, саламаттыкты сактоо, эмгек миграциясы жана санариптик технологиялар тармактарында эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашкан. Ошондой эле Кыргызстандын жарандарын Жапонияда ишке орноштуруу маселелери каралган.
Эдил Байсалов кыргыз-жапон мамилелерин чыңдоого багытталган демилгелерди колдогону үчүн жапон тарапка ыраазычылык билдирген. Ал тараптардын биргелешкен иши өлкөдө онкологиялык ооруларды изилдөө жана дарылоо боюнча Кыргыз-жапон диагностикалык борборун түзүүгө мүмкүндүк берет деген үмүтүн билдирген.
Өз кезегинде жапон тарап билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында гана эмес, спортту, атап айтканда футболду өнүктүрүүдө да өнөктөштүк келечеги бар экенин белгилеп, мындан аркы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого даяр экендигин билдирген.