«Кыргыздардан үйрөнгүлө» деген казак балбанынын баракчасына колдоо жазылууда

«Кыргыздардан үйрөнгүлө» деген казак балбанынын баракчасына колдоо жазылууда

Казак балбаны Жамиля Бакбергенованын Кыргызстандагы күйөрмандарынын саны көбөйдү. Анын инстаграмдагы баракчасына кыргыздар мындан ары ага дагы колдоо көрсөтөрүн жазышууда.

Акыркы видеолоруна 11 миңден ашык «лайк» басылып, 800дөн көп комментарий жазылды. Анын арасында «Казак кызын Кыргызстанга келин кылып алалы», — деген сунуштар дагы бар.

Эркин күрөш боюнча Казакстандын спорт чеберинин 9 ай мурда берген маегинин видеосу кечээ социалдык тармактын кыргыз сегментинде тарады. Анда Жамиля Бакбергенова Кыргызстанда спортчуларга жакшы колдоо көрсөтүлөрүн, балбандарга үй, унаа тартууланып, күйөрмандары жеңилсе дагы дем берип турарын айткан.

Белгилей кетсек, Париждеги Олимпиадага казакстандык балбан кыздар жолдомо ала алышкан эмес. Кыргызстандан үчөө — Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова катышат.

Казак балбаны Бакбергенова: Кыргыздар спортчулары жеңилсе дагы колдойт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>