«Кыргызнефтегаздын» мурдагы башчысы ишкананын акцияларын арзан сатып алып, башкаларга каттаткан

«Кыргызнефтегаздын» мурдагы башчысы ишкананын акцияларын арзан сатып алып, башкаларга каттаткан

«Кыргызнефтегаздын» мурдагы жетекчиси Б.Р.А. (Бостонов Рашит Абдумаликович – ред.) компаниянын акцияларын арзан баага сатып алганы аныкталып, алар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат билдиргендей, Рашит Бостонов 2019-жылы «Кыргызнефтегазды» жетектеп турганда, ишкананын активдерин жана мүлкүн россиялык «Газпром» компаниясына сатуу боюнча мамлекеттик программаны шылтоолоп, миноритардык (үлүшү аз) акционерлердин баалуу кагаздарын сатып алуу иштерин уюштурган. Кийинчерээк кызмат абалынан пайдаланып, ал акцияларды арзан баага сатып алып, тааныш-билиштерине каттатып койгон. Ал жалпы 383 миң 590 акция сатып алган.

Териштирүү иштеринин натыйжасында Бостонов тааныш-билиштерине каттаткан 65 млн 615,4 миң сомдук акцияларын мамлекетке кайтарган.

Рашит Бостонов «Кыргызнефтегазды» 2017-2020-жылдары жетектеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>