Кыргызстан 2026-жылдын аягына чейин АКШ менен аба катнашы жөнүндө келишимге кол коюуну пландап жатат
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети Америка Кошмо Штаттары менен түз аба катнашын орнотуу боюнча иш-чаралардын планын бекитти. 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында чыгарылган документке ылайык, республика АКШнын Транспорттук коопсуздук администрациясынын (TSA) милдеттүү аудитинен өтүүгө киришет.
TSA текшерүүсүнөн өтүү америкалык аба мейкиндигинде учууларды уюштуруу үчүн чечүүчү шарт болуп саналат жана аэропорттук кызматтардын коопсуздуктун эл аралык стандарттарына шайкештигин тастыктайт. Тармактык мекемелер сүйлөшүү процессин аяктап, 2026-жылдын 1-декабрына чейин аба катнашы жөнүндө өкмөттөр аралык келишимге кол коюуну көздөөдө.
Бул багытты ишке ашырууга жооптуу болуп КР Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги дайындалды. Аудитке даярдык көрүүгө жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө байланыштуу иш-чараларды каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.