Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин МКТны (маалыматтык-коммуникациялык технологияларды) өнүктүрүүгө жооптуу министрлеринин V Кеңешмесин 2026-жылы өз аймагында өткөрүүнү демилгеледи. Бул сунушту КРдин санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов Карамай шаарында (КЭР) өткөн IV кеңешменин жүрүшүндө айтты.
Санарипминдин башчысы Кыргызстандын санариптештирүү тармагындагы жетишкендиктерин, анын ичинде электрондук өкмөттү киргизүүнү жана санариптик инфраструктураны кеңейтүүнү тааныштырды. Ал ШКУ жогорку технологиялар жаатында практикалык кызматташуу үчүн негизги платформа экенин баса белгиледи.
«Бүгүнкү күндө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар туруктуу өнүгүүнүн, жарандардын жашоо сапатын жогорулатуунун жана эл аралык байланыштарды чыңдоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды», — деп белгиледи министр.
Кыргыз тарап Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында санариптик чөйрөдөгү өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин ырастады.