Кыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 84%ды түздүКыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен жарандарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөКыргызстанда зер буюмдарын легалдаштыруу аяктады: суммасы 16,8 млрд сомдон аштыОш шаарында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгы белгилендиКыргызстанда нан кайсы жерде эң кымбат жана эң арзан?Саламаттык сактоо министри түштүк аймактардагы дарыканаларда электрондук базанын иштешин текшерди
«Кыргызстан аэропорттору» 9 жаңы өрт өчүрүүчү унаа алды
12.07.2025 | 15:57

«Кыргызстан аэропорттору» ААК авиациялык инфраструктураны жаңылоо программасынын алкагында 9 заманбап өрт өчүрүүчү автоунаа сатып алганын билдирди. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы маалымдады.
Сатып алынган техникалар:
- 3 Mercedes-Benz үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү унаа
- 6 КамАЗ үлгүсүндөгү аэродромдук атайын техника
Унаалар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- «Манас» эл аралык аэропорту — 3 унаа
- Ош аэропорту — 4 унаа
- «Каракол» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропорттору — 1ден
Ишкананын маалыматына караганда, бул техникалар өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жана коопсуз аракет кылууга, эл аралык стандарттарга ылайык жооп берүүчү жабдуулар менен камсыздалган.
Рубрики: Жаңылыктар