Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Джусупов Лондондо Улуу Британиянын Борбордук Азия боюнча соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады.
Жолугушууда негизги көңүл тоо-кен тармагына инвестиция тартууга бурулду.
Элчи Джусупов Кыргызстан британ бизнесине ачык экенин жана өлкө тоо-кен өнөр жайы үчүн заманбап технологияларга, инвестицияларга муктаж экенин белгиледи. Ошондой эле жашыл энергетика, айрыкча ГЭСтерди куруу, транспорттук инфраструктура жана айыл чарба сыяктуу багыттарда да чет элдик капитал үчүн мүмкүнчүлүктөр чоң экенин айтты.
Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттыруу боюнча жасалып жаткан иштерди айтты- салык жана бажы процедуралары жөнөкөйлөштүрүлүп, экономика санариптештирилип, ИДПнын туруктуу өсүшү байкалганын жана бизнеске болгон колдоо күчөп жатканын баса белгиледи.
Ошондой эле ал Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири регионалдык долбоорлор жана Улуу Британиянын DCTS соода программасына Кыргызстандын катышуусу тууралуу айтты.
Өз кезегинде Лорд Алдердайс Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы экономикалык байланышты чыңдоого кызыкдар экенин билдирип, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады.