Кыргызстан БУУда жаштар саясаты боюнча демилгелерин сунуштады

30.09.2025 | 15:02

Маданият министринин орун басары Марат Тагаев БУУнун штаб-квартирасында өткөн жаштар үчүн Бүткүл дүйнөлүк аракет программасынын 30 жылдыгына арналган жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада Марат Тагаев сөз сүйлөп, глобалдык прогрессти тездетүү үчүн муундар аралык кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген. Ошондой эле ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2250 “Жаштар, тынчтык жана коопсуздук” резолюциясын ишке ашыруу боюнча Кыргызстан тарабынан Улуттук иш-аракеттер планы бекитилгендигин билдирген.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк аракет программасы 15 артыкчылыктуу багытты камтыйт, аларга билим берүү, ишке орношуу, ачарчылык жана жакырчылыкка каршы күрөш; саламаттык сактоо жана айлана-чөйрө, глобалдашуу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, куралдуу жаңжалдар жана муундар аралык маселелер кирет.

Scroll to Top