Кыргызстан БУУнун колдоосу менен медицинада санариптик чечимдерди колдонууну кеңейтет
КР Саламаттыкты сактоо министрлигинде мекеме башчысы Каныбек Досмамбетовдун БУУ системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуусу болуп өттү. Тараптар учурдагы программалардын ишке ашырылышын талкуулап, узак мөөнөттүү мезгилге өз ара аракеттенүүнүн стратегиялык багыттарын белгилешти.
Министр БУУнун өкүлүнө мекеменин жаңы командасынын негизги артыкчылыктары жөнүндө маалымат берди, мында негизги басым ооруларды дарылоодон алардын алдын алууга жана дени сак коомду калыптандырууга жылдырылат. Артыкчылыктуу милдеттерге жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү, эмдөө программаларын чыңдоо, эне жана баланы коргоо, ошондой эле эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү киргизилген.
Жолугушуунун катышуучулары секторду санариптик трансформациялоого өзгөчө көңүл бурушту. Реформалардын планына бейтаптардын электрондук медициналык карталарын киргизүү, телемедицинаны өнүктүрүү жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн кырдаалдык борборду ишке киргизүү кирет. Антье Граве республиканын санариптик трансформациялоонун глобалдык программасына катышуусун белгилеп, БУУ бул маселелерде Кыргызстанды колдоону улантууга даяр экенин тастыктады.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Каныбек Досмамбетов медициналык уюмдарды техникалык жактан жабдуу жана эл аралык тажрыйба алмашуу үчүн медициналык кызматкерлердин чет өлкөдөгү стажировка программаларын кеңейтүү боюнча БУУ системасынын көмөк көрсөтүүсүнө кызыкдар экендигин билдирди.
Мындан тышкары, тараптар 2026–2027-жылдарга стратегиялык пландоо жана 2028–2032-жылдарга кызматташтыктын жаңы беш жылдык алкактык документин даярдоону баштоо маселелерин козгошту. Жолугушуунун жыйынтыгы менен катышуучулар саламаттыкты сактоо тармагында Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн координацияланган иштерди жүргүзүү ниетин ырасташты.