Кыргызстан деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жыйынына катышты

09.10.2025 | 15:33

Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) аянтчасында деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан жана аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу аталган өлкөлөр үчүн биргелешкен жумушчу программаны иштеп чыгуу максатында уюштурулган.

Жолугушууда Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин ДСУ маселелери боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов сөз сүйлөгөн.

Ал өз өнүгүп келе жаткан өлкөлөр ДСУнун аянтчасында биргелешип иш алып бара ала турган көптөгөн багыттар бар экенин белгилеген. Аларга электрондук соода, санариптик соода байланыштары, кызмат көрсөтүүлөр соодасы, СФС чаралары жана товарлардын келип чыгыш өлкөсүн аныктоо эрежелери боюнча маселелер кирет. Кыргызстандын өкүлү өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен биргелешкен иштин эң маанилүү багыттарынын бири – бул санариптик соода байланыштары жана транзиттик коридорлор экендигин белгилеген.

Scroll to Top