Кыргызстан деңизге чыгууга жол ачты. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койду
Бүгүн, 4-декабрда Исламабадда Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин сүйлөшүүлөрү өтүп, ал стратегиялык документтердин топтомуна кол коюу менен жыйынтыкталды.
Жолугушуунун башкы жыйынтыгы катары Кыргызстандын Пакистандын Карачи жана Гвадар деңиз портторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн алуусу боюнча макулдашуу болду. Тараптар тиешелүү меморандумга кол коюшту, бул Кыргызстан үчүн жаңы логистикалык каттамдарды жана дүйнөлүк рынокторго чыгууга жол ачат.
Мындан тышкары, лидерлер алдыга чоң максат коюшту — өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 10 эседен ашык көбөйтүү.
«Жакынкы жылдары биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу менен товар жүгүртүү былтыркы 16,2 млн доллардан 200 млн долларга чейин өсүшү мүмкүн», — деп билдирди Шахбаз Шариф.
Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимге кол коюу да маанилүү документтердин бири болду. Ошондой эле тараптар терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө атайын кызматтардын ишин координациялоону күчөтүүнү макулдашты.
Садыр Жапаров Борбордук жана Түштүк Азиянын энергосистемаларын байланыштыра турган CASA-1000 долбоорун тез арада ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле пакистандык студенттерди окутуу маселеси талкууланды — учурда КРдин жогорку окуу жайларында алардын саны 12 миңден ашат.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен Бишкек жана Исламабад бир тууган шаарлар болуп жарыяланды. Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министрин Кыргызстанга келип кетүүгө жана 2026-жылдын күзүндө өтүүчү ШКУ саммитинде ардактуу конок болууга чакырды.
Кол коюлган документтердин толук тизмеси:
- Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы айыл чарба жаатында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосунда эки тараптуу сооданы кеңейтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Деңиз иштери боюнча министрлигинин ортосундагы аймактык каттам үчүн Пакистандын портторун пайдалануу жаатында өз ара кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы энергетика жаатында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Укук жана юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Энергетика министрлигинин (мунай бөлүмү) ортосундагы тоо-кен иши жана геоилимдер жаатында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук саламаттык сактоо кызматтары, жөнгө салуу жана координациялоо министрлигинин ортосундагы хирургиялык аспаптар жаатында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Пакистандын Премьер-министринин жаштар программасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Пакистандын бажы кызматынын ортосунда электрондук маалымат алмашууну орнотуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары менен Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин орнотуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы иштер кызматынын академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук заманбап тилдер университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.