Кыргызстан «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» брендине толук укук алды

09.12.2025 | 17:41

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» (World Nomad Games) товардык белгиси расмий түрдө мамлекеттин менчигине өттү. Брендге болгон өзгөчө укуктарды өткөрүп берүү боюнча салтанаттуу азем бүгүн «Ынтымак-Ордодо» Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өттү.

Белгиленгендей, бул окуя Кыргызстанда түптөлүп, он жылдын ичинде глобалдык масштабга ээ болгон уникалдуу этноспорттук долбоордун тарыхындагы жаңы баскычты түшүндүрөт.

Улуттук бренд жана абройдун символу

Салтанатта сөз сүйлөгөн Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Оюндар эбак эле жөнөкөй спорттук иш-чара макамынан ашып түшүп, өлкөнүн визиттик картасына айланганын баса белгиледи.

«Бүгүн биз өтө маанилүү окуяга күбө болуп жатабыз. Бул долбоор бүгүнкү күндө — Кыргызстандын чыныгы улуттук бренди, мамлекетибиздин маданий дипломатиясынын флагманы жана биздин эл аралык аброюбуздун маанилүү символу», — деп билдирди Касымалиев.

Анын айтымында, укуктардын мамлекетке өтүшү Оюндардын укуктук негиздерин бекемдөөгө жол ачат жана этномаданиятты жайылтуу чөйрөсүндө туруктуураак мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

2026-жылы тарыхый мекенине кайтуу

Министрлер кабинетинин башчысы долбоордун тарыхын эске салды: Оюндар 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда салтанаттуу өтүп, андан кийин эстафетаны Түркия (2022) жана Казакстан (2024) ийгиликтүү улап кетишкен.

Эми брендге карата юридикалык укуктарга ээ болгон Кыргызстан масштабдуу турнирди кайрадан өз жеринде кабыл алууга камданууда. 2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өзүнүн тарыхый мекенинде өтөт.

«Биз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын туруктуу өнүгүүсү үчүн бардык шарттарды түзөбүз. 2026-жылкы VI Оюндарды жогорку эл аралык талаптарга жооп берген деңгээлде өткөрүү – биздин артыкчылыктуу максаттарыбыздын бири», — деп ишендирди Адылбек Касымалиев.

Scroll to Top