Адылбек Касымалиев ЕАЭБ жыйынында миграция жана логистика маселелерин көтөрдү

27.03.2026 | 15:17

Бүгүн, 27-мартта, Казакстандын Шымкент шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү. Анда Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев Биримдиктин акыркы беш жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, миграция жана логистика тармагы боюнча бир катар демилгелерди сунуштады.

Жыйынга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы катышты. Күн тартибиндеги 13 маселе каралып, экономикалык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган документтерге кол коюлду.

Адылбек Касымалиев 2020-жылга салыштырмалуу 2025-жылы Биримдикке мүчө бардык мамлекеттерде ИДПнын өсүү темпи байкалганын белгиледи.

«Мамлекеттер ортосунда өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү көбөйгөн. Аны менен катар, акыркы беш жылда Кыргызстанда реалдуу экономикалык өсүш болду. Мунун баары биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун туура багыттарын аныктаганын көрсөтүп турат», — деди ал.

Ошондой эле өкмөт башчы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү координация маселесине өзгөчө көңүл бурду:

«Кабыл алынган макулдашуулар жарандар үчүн бул сезимтал чөйрөдө улуттук жөнгө салуучу демилгелерди иштеп чыгууда өз ара аракеттенүү жана бири-бири менен координациялоо толук камсыз кылынбай жатат. Комиссияга биздин өкмөттөр менен бирдикте миграциялык саясат боюнча мекемелердин жетекчилеринин деңгээлинде консультациялар үчүн туруктуу аянтча түзүү маселесин киргизүүнү сунуш кылам».

Мындан тышкары Адылбек Касымалиев логистиканын ылдамдыгын жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди киргизүүнүн маанилүүлүгүн айтып өттү.

«Санариптик трансформация, өнөр жай кооперациясы жана инновациялар Биримдиктин өнүгүүсүндөгү үч маанилүү багыт. Бүгүнкү күндө Биримдиктин алкагында биз заманбап инфраструктураны ырааттуу өнүктүрүүгө, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого, ченемдик укуктук базаны жакшыртууга тийишпиз», — деп кошумчалады Адылбек Касымалиев.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйынын үстүбүздөгү жылдын август айында Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.

Scroll to Top