Кыргызстан Египетте элчилигин ачат — президенттердин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыктары

Президент Садыр Жапаров Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Тет-а-тет форматындагы сүйлөшүүдө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана мындан аркы өнүгүү жолдорун талкуулашты. Президенттер бул сапар кыргыз-мисир мамилелерине жаңы дем берип, кызматташтыкты сапаттуу деңгээлге чыгарарына ишеним билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө саясий диалогду, соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык байланыштарды өнүктүрүү маселелери каралды. Садыр Жапаров Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Африка континентине иш сапар менен келген президент экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы эки элдин достугун чыңдоо максатында Каир шаарында Кыргызстандын элчилигин ачуу чечими кабыл алынганын жарыялады. Ошондой эле тараптар өкмөттөр аралык комиссия түзүү жана анын алгачкы жыйынын Бишкекте өткөрүү боюнча макулдашышты.
Египеттин президенти бул демилгени колдоп, эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктүн жаңы этабы башталарын белгиледи. Садыр Жапаров Абдель Фаттах Ас-Сисини Кыргызстанга расмий сапар менен келип, 2026-жылы Бишкекте өтө турган ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Египеттин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти.