Кыргызстан экотуризмге басым жасайт: Жергиликтүү жамааттар үчүн колдонмо

Кыргызстан экотуризмге басым жасайт: Жергиликтүү жамааттар үчүн колдонмо

Кыргызстанда экотуризмди өнүктүрүү боюнча жергиликтүү жамааттар үчүн уникалдуу колдонмонун бет ачары болду. Бул колдонмо экотуризм деген эмне экенин түшүндүрүү менен гана чектелбестен, аны иш жүзүндө кантип ишке ашырууну — жаратылышты урматтоо, жергиликтүү элдин катышуусу жана экосистемаларды сактоону көрсөтүүгө багытталган.

Эколог Евгения Постнова “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн бет ачарда белгилегендей, Кыргызстандын туристтик потенциалы эбегейсиз, бирок аны ишке ашыруу кылдат мамилени талап кылат: “Албетте, экономика маанилүү. Бирок жаратылыш бүтүндөй экономиканын өзөгүн түзөт. Аны сактабасак, туризм да, туруктуу келечек да болбойт», — деп белгиледи эксперт.

Анын айтымында, туруктуу туризм экологиялык чектөөлөрдү эске алып, биологиялык ар түрдүүлүктү колдоого, экологиялык зыянды минималдаштырууга жана туристтик ишмердүүлүктү башкарууга жергиликтүү коомчулукту тартууга тийиш. Мына ушундай болгондо гана ал табигый аймактардын деградациясынын себеби эмес, региондук өнүгүүнүн кыймылдаткычы болуп калат.

2022-жылдан тарта Кыргызстанда тоо экосистемаларын коргоо чаралары расмий түрдө күчөтүлгөн. Бул өлкө планетанын 200 приоритеттүү экологиялык аймактарынын катарына киргендигине байланыштуу. Анын аймагы 32 негизги биологиялык ар түрдүүлүктү камтыйт, алардын ар бири уникалдуу табигый ландшафттарды, флора жана фаунанын сейрек кездешүүчү түрлөрүн, ошондой эле маданий жана тарыхый мурастарды бириктирет.

Бул экосистемалардын көбү коркунуч алдында турат жана экотуризм аларды сактап калуунун куралдарынын бири катары каралат. Жаратылышты сактоочу жана калыбына келтирүүчү туризм курчап турган чөйрөнү коргоону жергиликтүү тургундар үчүн экономикалык пайда менен айкалыштырууга мүмкүндүк берген актуалдуу чечимге айланууда.

Колдонмо боюнча иш 2022-жылдан бери «Фотожурналисттер союзу» коомдук бирикмеси «Акмена» коомдук уюму жана «ЭкоМиР» коомдук фонду менен биргеликте жүргүзүлүп келет.
Натыйжада эки тилде жазылган китеп болуп чыкты:

— туруктуу туризмдин эл аралык жана жергиликтүү тажрыйбасы;

— экотуризмдин маршруттарын жана инфраструктурасын түзүү боюнча сунуштарды;

— айлана-чөйрөнү башкаруу боюнча практикалык кеңештер.

Колдонмонун негизги темаларынын арасында:

-Экотуризм деген эмне? Анын принциптери жана формалары;

— «туристтерден» жана туристтер үчүн жаратылышты кантип сактоо керек;

— экологиялык жактан таза инфраструктураны түзүү;

— экотуризм продуктуну өнүктүрүү жана аны илгерилетүү.

Колдонмодо ошондой эле 2022–2024-жылдардагы экспедициялардын жүрүшүндө долбоордун командасы тарабынан чогултулган пайдалуу адабияттардын, интернет булактарынын, тиркемелеринин жана эң негизгиси региондордогу тирүү окуялардын тизмеси камтылган.

Долбоор Франциянын Өнүктүрүү Агенттигинин, Эл аралык жаратылышты коргоо уюмунун, Европа биримдигинин, Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ), Япония өкмөтүнүн жана Дүйнөлүк банктын күч-аракеттерин бириктирген эл аралык демилге — Критикалык коркунучтагы экосистемаларды сактоо боюнча кызматташтык фондунун (CEPF) колдоосу менен ишке ашырылууда. CEPFтин миссиясы жарандык коомду биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого тартуу, өзгөчө жоголуп бара жаткан аймактарда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: экотуризм

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>