Кыргызстан электр энергия сатып алуу үчүн 50 млн доллар насыя алат

Кыргызстан электр энергия сатып алуу үчүн 50 млн доллар насыя алат

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан бюджетти колдоо максатында  50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү насыя алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 7-декабрындагы жыйынында маалым болду.

Жыйында Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (атайын операциялар) (“АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу”) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Программаны ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бюджетти колдоого 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардам берилет, анын ичинде 25 млн АКШ доллары – грант жана 25 млн АКШ доллары – кредит. Бул финансылык каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталган.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев кредиттик жана гранттык каражаттардын шартына кызыкты.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиковдун айтымында, электр энергиясын импорттоо үчүн энергетика тармагына 50 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык каражат жумшалат.

Депутат бул акчага канчага электр энергиясы алынарын сурады.

Буга энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков бүгүнкү күндө 2,5 миллиард кВт саатка жакын электр энергиясы импорттолуп жатканын айтты.

Депутат акчанын баары электр энергиясын сатып алууга багыттала тургандыгын тактап, оң жооп алды.

 «Биз электр энергиясын сатып алуу үчүн дагы насыяга алганга чейин жеттикпи?», — деди депутат.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков насыянын мөөнөтү 24 жыл экенин, анын 8 жылы жеңилдетилген мезгилге 1% жана негизги мезгилге 1,5% экенин айтты.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>