Кыргызстан эт импортун тартипке келтирди
Кыргызстандын өкмөтү 2026-жылга карата республиканын аймагына эттин айрым түрлөрүн алып келүүдө тарифтик квоталарды бөлүштүрүү жана эсепке алуунун жаңы эрежелерин бекитти. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому ушул жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди.
Улуттук мыйзамдарды Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) укуктук ченемдерине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан бул документ, тышкы соода ишмердүүлүгүнүн катышуучуларынын арасында квоталардын көлөмүн бөлүштүрүүнүн так регламентин белгилейт. Кеп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) тарифтик эмес чаралары колдонулуучу Товарлардын бирдиктүү тизмесинин 2.27-позициясына кирген товарлар жөнүндө болуп жатат.
«Жаңы эрежелер импорттук жол-жоболорду тартипке келтирүүгө, рыноктун катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүүгө жана жергиликтүү кайра иштетүүчү ишканаларды чийки зат менен биринчи кезекте камсыз кылууга багытталган», — деп белгилейт Экономика жана коммерция министрлиги.
Экономика жана коммерция министрлигине ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ЕЭКке эрежелердин бекитилгендиги тууралуу маалымдоо тапшырылды. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлдү.
Жаңы эрежелердин бекитилиши менен бирге мурунку ченемдик укуктук актылар күчүн жоготту деп таанылды: булар этти алып келүүгө тарифтик квоталарды бөлүштүрүү жөнүндө өкмөттүн 2015-жылдын 29-декабрындагы №889 токтому жана ага өзгөртүүлөрдү киргизген 2018-жылдын 23-майындагы №252 токтому.