Кыргызстан кооз тоолуу өлкө, мында тик учак такси сөзсүз суроо-талапка ээ болмок

02.03.2026 | 14:31

Бүгүн «Reporter.kg» студиясында шаарларыбыздын жүзүн өзгөртүп жаткан технологиялар тууралуу сөз кылабыз. Конокто «Яндекс Кыргызстан» копаниясынын жетекчиси Тилек Сулайманов. Биз такси кызматынын баасы кантип аныкталат, эмне үчүн компания миңдеген айдоочулар үчүн салык агентине айланды, жасалма интеллект өзгөчө муктаждыгы бар жүргүнчүлөргө кандай жардам көрсөтүүдө жана Бишкектин асманында качандыр бир кезде учуучу таксилер пайда болобу деген темалардын айланасында маектештик. 

13 сервистен турган экосистема

—Тилек, кутман күнүңүз менен! Учурда Кыргызстанда Яндекстин канча сервиси расмий иштеп жатат? Алардын кайсынысы популярдуу, ал эми кайсынысын эң келечектүү деп эсептейсиз?

—  Саламатсызбы! Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Яндекстин 13төн ашык сервиси бар. Эң популярдуулары такси, тамак-аш жана жеткирүү кызматы. Ал эми келечектүү багыт катары бизнес-инструменттерди белгилейм. Жакында ири компанияларга жарнамаларын түз эле тиркемеге жайгаштырууга шарт түздүк. Такси өлкөдөгү эң көп колдонулган тиркеме болгондуктан, бул өнөктөштөргө өз аудиториясын табууга чоң мүмкүнчүлүк берет.

— Учурда камтуу аймагы кандай? Кайсы жерлерде унаа чакырып, курьерге буйрутма берип же самокат ижарага алса болот?

— Такси сервиси учурда 14 шаарды камтыйт. Тамак-аш жана жеткирүү кызматы бардык чоң шаарларда иштейт. Ушул күздө биз Караколдо тамак-аш жеткирүү кызматын ишке киргиздик. Бул туристтерге жана лыжа сүйүүчүлөр тоодо өткөн активдүү күндөн соң кечки тамакты ыңгайлуу буйрутма кылууга шарт түзүү максатында кабыл алынган стратегиялык чечим болду. Биз адамдардын күнүмдүк маселелерин чечүүчү өнүмдөрдү түзөбүз жана географиябыз дагы да кеңейе берет.

Суроо-талаптын математикасы: баа эмне үчүн өсөт?

— Шаардыктар үчүн эң орчундуу суроо — баа маселеси. Яндексти көп учурда «монополист» деп аташат, колдонуучуларды система тарифти кантип эсептээри кызыктырат. Баанын эң жогорку чеги барбы?

— Баа негизги нарктан (аралык жана убакыт) жана жогорулатылган суроо-талап коэффициентинен түзүлөт. Бул динамикалык баа түзүү. Жогорку коэффициент убактылуу чара. Ал көбүрөөк киреше табуу үчүн эмес, белгилүү бир учурда линияга көбүрөөк айдоочуну тартуу үчүн керек. Мисалы, жамгыр жааганда баа суу тамчыларынан эмес, миңдеген адамдар бир убакта кетүүнү каалап, унаа жетпегендиктен өсөт. Система суроо-талап менен сунушту тең салмактайт. Өткөн жылы бир мүнөттүн баасы болгону 6%га өскөн, ал эми расмий инфляция болжол менен  9%ды түздү. Демек, баанын өсүшү жалпы экономикалык тенденциялардын чегинде.

— Учурда мамлекет такси рыногун көмүскөдөн чыгарууда: ККМ жана патенттер киргизилүүдө. Салык кызматы менен кантип кызматташуу кандай нукта жүрүүдө?

— 2025-жылдын сентябрынан тарта биз айдоочулар жана курьерлер үчүн расмий түрдө салык агенти болдук. Компания алардын кирешесинен 2% түз мамлекеттик бюджетке которуп, ай сайын салык кызматына отчет берет. Бул өнөктөштөрдүн ишин кыйла жеңилдетти, алар эч жакка барып убара болбой, өз алдынча катталып же отчет тапшыруунун кереги жок. Биз рынокту ачык-айкын жана мыйзамдуу кылуу боюнча мамлекет жана Монополияга каршы кызмат менен туруктуу диалог жүргүзүп келебиз.

Электромобилдер жана «кыргыз өңүтү»

— Жакын арада кандай жаңы тарифтер пайда болот? Тиркемеде аз убакыттан бери «Электро» тарифи байкала баштады. Бул жөн эле убактылуу модабы же узак мөөнөттүү стратегиябы?

— Биз үчүн экология абдан маанилүү, андыктан «Электро» тарифи биздин сыймыгыбыз. Учурда ал 2 500дөн ашык (BYD, Weltmeister ж.б.) унааларын камтыйт. Биз колдонуучуларга экологиялык транспортту максаттуу түрдө тандоо мүмкүнчүлүгүн берип жатабыз.

— Ал эми «улуттук өңүттөгү» тариф тууралуу эмне айта аласыз? Мисалы, ат менен жеткирүү сыяктуу кызмат барбы?

— Кызыктуу идея экен! Биз жаңы, өзгөчө сунуштарды дайыма колдойбуз. Муну да ойлонуп көрөбүз. Анткени жергиликтүү өзгөчөлүктү эске алуу, салтты сыйлоо биз үчүн абдан маанилүү. Айтмакчы, биздин тиркеме эбактан бери толугу менен кыргызча иштейт. Бул биз үчүн артыкчылыктуу милдет.

Коопсуздук жана социалдык жоопкерчилик

— Такси кызматкери жакшы киреше табыш үчүн 12–14 саат иштеши керек, бул болсо жол кырсыгынын коркунучун жаратат деген пикирлер бар. Айдоочулардын чарчоосун кантип көзөмөлдөйсүздөр? 

— Коопсуздук биздин артыкчылыгыбыз. Тиркеме иштөө убактысын техникалык жактан чектейт, белгилүү бир убакыттан соң система айдоочуга буйрутма алууга жол бербейт. Мындан тышкары, 2023-жылдан баштап биз Кыргызстандагы бардык сапарларды камсыздандырууну ишке киргиздик. Айдоочу да, жүрүүчү да камсыздандырылган. Бул жөн эле формалдуулук эмес, бизде жол кырсыгынан кийин камсыздандыруу компаниялары менен биргеликте төлөнгөн реалдуу учурлар бар.

— Яндекс инклюзивдик багыттарды активдүү өнүктүрүүдө. Угуусу начар айдоочулар жана өзгөчө жүргүнчүлөр үчүн сервистер тууралуу айтып берсеңиз.

— Бул биздин экосистеманын маанилүү бөлүгү. Азыр Кыргызстанда 300дөн ашуун угуусу начар же таптакыр укпаган жана сүйлөбөгөн айдоочулар системада иштейт. Алар айына 25 000ден ашуун сапар аткарышат. Андай айдоочулар үчүн колдонмо атайын ылайыкташтырылган: үн сигналдарынын ордуна жарык билдирүүлөр, ал эми салондордо жүргүнчүлөр менен байланыш үчүн атайын карточкалар бар.

Жүргүнчүлөргө келсек, Go колдонмосунда майыптар арабасын колдонгон же начар көргөн адамдар үчүн атайын функциялар бар (экрандык жеткиликтүүлүк режими). Биздин сервистер — мисалы, Кинопоиск (тифлокомментарийлери бар тасмалар), акылдуу камера же ДЦП менен жашаган адамдардын сүйлөөсүн тааный алган Алиса санарип чөйрөнү бардык адамдар үчүн жеткиликтүү кылууга жардам берет. Ал тургай «үй жаныбарын ташуу» деген жөнөкөй эле опция да айдоочуга сапарга алдын ала даярданууга мүмкүнчүлүк түзөт.

— Сиздер ошондой эле билим берүүгө инвестиция жумшап жатасыздар. Бишкектеги Яндекстин программалоо мектебине кантип кирсе болот?

— Бул мектеп үч жылдан бери борбор калаадагы №75, №62 жана №53 мектептердин базасында иштеп жатат. 2025-жылы бизде 250гө жакын окуучу билим алууда. Программа абдан олуттуу, ал Яндекстин реалдуу кейстерине негизделген, ал эми мугалимдерди тандоодө талап өтө катуу. Биз жаш кыргызстандыктар мектеп партасынан эле IT дүйнөсү эмне экенин түшүнүшүн каалайбыз.

Айдоочулар үчүн да тиркеме ичинде окутуулар бар: баарлашуу этикасы, сервис стандарттары, унааны күтүү. Баары максималдуу түрдө санариптештирилген жана оптималдаштырылган.

Блиц

— Сиз такси кызматын «жашыруун кардар» катары колдоносузбу? Айдоочуга бир жылдыз койгон учур болду беле?

— Мен биздин бардык сервистердин активдүү колдонуучусумун. Дайыма кайтарым байланыш калтырам, бул өтө маанилүү. Бир жылдыз эч качан койгон эмесмин, бирок бир нерсе туура эмес болсо, комментарийге деталдуу жазам. Колдоо кызматы ар бир мындай пикирди каттап, кырдаалды талдайт.

— Фантастика тармагынан суроо: кээ бир өлкөлөрдө учуучу таксилерди ишке киргизүү талкууланууда. Биздин тоолуу өлкөдө учуучу таксилер абдан ыңгайлуу болмок. Мындай пландар барбы?

— Келиңиз, ой жүгүртүп көрөлү: Кыргызстан — кооз тоолуу өлкө, бул жерде тик учак таксиси сөзсүз суроо-талапка ээ болмок. Бирок бул тууралуу кызмат ишке даяр болгондо расмий түрдө айтып бергеним туура болот. 

— Тилек, маек үчүн рахмат! Кадимки эле «Такси чакыруу» баскычынын артында ушундай чоң технологиялык жана социалдык иш жатканын билүү кызыктуу болду.

Scroll to Top