Кыргызстан менен АКШ инвестициялык кызматташтыкты бекемдөөдө

Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Фархат Иминов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрүп, инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө маселеси тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы инвестициялык климаттын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан. Учурда өлкөдө иштеп жаткан америкалык инвестициялык демилгелер тууралуу сүйлөшүшкөн.
Ошондой эле, All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциумунун жана «Кыргыз темир жолу» ишканасынын катышуусу менен Макмал–Каракол темир жол долбоорун «долбоордук кум коргон» принцибинин алкагында ишке ашыруу маселеси талкууланган. Бул долбоор өлкөнүн транзиттик потенциалын бекемдөө үчүн стратегиялык мааниге ээ.
Элчи өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, бизнес жүргүзүү жана долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу процедуралык тоскоолдуктарды жөнөкөйлөтүү зарылдыгына токтолгон.
Жолугушууда өзгөчө көңүл санариптик экономикага жана криптовалюта секторуна бурулган. Белгиленгендей, 2022-жылы Кыргызстанда «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган. 2024-жылдын аягына карата өлкөдө криптовалюталардын жүгүртүүсү 7 миллиард АКШ долларын түзгөн. Кыргызстан азыркы тапта блокчейн технологияларын, тоо-кен казып алуу, жасалма интеллект (AI) жана санариптик активдерди өнүктүрүү багытында Борбор Азиядагы алдыңкы өлкөлөрдүн бири катары каралууда.
Америкалык тарап 2026-жылы санариптик сомдун киргизилишин региондогу эң инновациялык кадамдардын бири катары оң баалап, бул Кыргызстандын санариптик трансформацияга болгон умтулуусун айгинелегенин белгилеген.
Жыйындын соңунда Улуттук агенттиктин директору агенттик бизнес менен мамлекеттин ортосунда көпүрө ролун аткараарын баса белгилеп, америкалык жана башка эл аралык өнөктөштөргө Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.