Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Кыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдө
24.03.2026 | 12:13

Кыргызстандан Орусиянын Пермь крайына 20,7 тонна сабиз жеткирилди. Аталган аймактын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл башкармалыгы продукцияны текшерүүдөн өткөрүп, сатууга уруксат берген. Орусия тараптын маалыматында, өткөн жылы Пермь крайына Кыргызстандан мындай продукция жеткирилген эмес.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жыл башынан бери сабиздин экспорту 1 миң 13 тоннаны түзгон. Анын ичинен 902 тоннасы Орусияга, 111 тоннасы Казакстанга жөнөтүлгон.
Ал эми 2025-жылы сабиздин жалпы экспорту 8 405 тонна болгон. Негизги экспорттук багыттар:
- Орусия— 4 546 тонна;
- Өзбекстан — 2 610 тонна;
- Тажикстан — 849 тонна;
- Монголия — 353 тонна;
- Казакстан — 38 тонна;
- Армения — 8 тонна.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика