Кыргызстан менен Австрия тоо-кен сектору жана стратегиялык минералдар жаатында кызматташат

Вена шаарында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев менен Австриянын каржы министрлигинин тоо-кен өнөр жайы маселелери боюнча орун басары Андреас Райххардт жолугушту. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Жолугушууга Австриянын Федералдык каржы министрлигинин минералдык ресурстар боюнча саясат бөлүмүнүн директору Р.Хольнштайнер, Австриянын Тоо-кен жана болот иштетүү өнөр жайы ассоциациясынын өкүлү М.Кудрна, Австриянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин (aed) өкүлү А.Ондракова, ошондой эле тоо-кен тармагында иш алып барган Австриянын ири инжиниринг жана консалтинг компанияларынын өкүлдөрү катышкан.
Министр Медер Машиев Кыргызстан стратегиялык мааниге ээ болгон минералдарга жана кен байлыктарга бай экенин айтып, бул ресурстардын мааниси жогорку технологиялардын өнүгүшү менен бүгүнкү күндө айрыкча жогорулап жатканын белгилеген.
Ошондой эле министр 2024-жылы Вена шаарында Австрия тарап менен кол коюлган инновациялык технологиялар, кен казып алуу жана минералдык ресурстар жаатындагы кызматташтык боюнча меморандум мындан аркы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө бекем негиз болуп бергенин белгилеген. Учурда аталган меморандумду ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, тараптар активдүү иш алып барууда.
Өз кезегинде Андреас Райххардт Австриянын “жашыл экономикага” өтүүсүн эске алуу менен стратегиялык минералдар тармагындагы кызматташтык өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын белгилеп, Кыргызстан менен болгон кызматташтыкты жана потенциалды жогору баалаган.
Мындан тышкары жолугушууда Австриянын BPG, ILF, AFRY ишканаларынын жетекчилери жана Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин өкүлү өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана долбоорлору тууралуу маалымат беришкен.