Жети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керекУКМК айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысын аныктады«Чекиш-Ата» базарында эркек киши ок чыгарды — жабыркаган адам барСадыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миңден ашык үй-бүлө батир алат26-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
Кара-Сууда аскер кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды
22.09.2025 | 15:50

УКМКнын кызматкерлери Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы менен биргеликте Кара-Суу райондук аскер комиссариатынын аскер кызматкери А.Д.М.ни кармашты.
УКМКнын маалыматына ылайык, ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө алдамчылык») боюнча айып тагылды.
Тергөөнүн жүрүшүндө ал Сузак райондук аскер комиссариатында кызмат өтөп жүргөн учурда үч жарандан жалпы 83 миң сом алып, алардын уулдарын альтернативдик кызматка чакырып берүүнү убада кылганы аныкталды.
Учурда шектүү Жалал-Абад шаарындагы ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом