Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык-кредиттик макулдашуу ратификацияланды

01.08.2025 | 12:41

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “2025–2030-жылдардагы көп тармактуу ишти колдоо фонду” программасын каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Документке үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Бишкек шаарында кол коюлган. Ал эми мыйзам 26-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуу Бишкек шаарында жана башка ири калктуу конуштарда урбанизация шарттарында жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган.

Бул иш-чаралардын алкагында шаарды пландоону өнүктүрүү, турак жай шарттарын жакшыртуу, суу менен жабдуу, билим берүү, саламаттык сактоо, энергетика жана транспорт сыяктуу базалык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү каралган.

Бул иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 22,58 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген финансылык каражаттар берилет, анын ичинде 13,36 млн доллар кредит, ал эмэ 9,22 млн доллар грант түрүндө берилет.

Кредиттин мөөнөтү 32 жыл, анын ичинде 8 жыл жеңилдетилген мезгил болуп эсептелинет. Жеңилдетилген мезгил ичинде жылдык пайыздык ставкасы 1,0 %, андан кийин 1,5 %ды түзөт.

Scroll to Top