Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2025-жылы каржылоо планы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2025-жылы каржылоо планы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Садыр Жапаров “2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2025-жылы каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашуу 2025-жылы Азия өнүктүрүү банкынан инвестициялык долбоорлорду жана программаларды каржылоону карайт.

Каржылоонун жалпы суммасы:

– 74 млн 800 миң АКШ доллар грант түрүндө;

– 147 млн 200 миң АКШ доллар жеңилдетилген кредиттер түрүндө каржыланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>